ВЕЗУВИАН
ВЕЗУВИА́Н (Везувий жанар тоосунан табылгандыгына байланыштуу аталган), и д о к р а з – силикаттар классына кирүүчү минерал. Хим. формуласы Ca10Mg2Al4 [SiO4]5[Si2O7]2(OH)4. Тет-

рагон сингониясында кристаллданат. Өӊү саргыч жашылдан чанда кочкул жашылга чейин, кара күрөӊ, кара кызгылт көк, көк, айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,5. С. салм. 3,35–3,45. В. магма тоо тектери м-н акиташ тегинин ж-а доломиттин контактасында метасоматоз процесстеринен пайда болот. Тунук В. баалуу кооз таш катары пайдаланылат.