ВЕРОНА
ВЕРО́НА – Түн. Италиядагы шаар. Венеция обл-нда, Верона провинциясынын адм. борбору. Калкы 258,0 миӊ (2019). Адиже д-нын боюнда. Альп тоолорундагы Бреннер ашуусун өрдөй берген жердеги жолдор тоому. Б. з. ч. 3-к-дан белгилүү, б. з. ч. 89-жылдан Рим колониясы. В-нын 12-к-да шаар-мамлекет болгон. 1405-жылдан Венециянын ээлиги. 1797-ж. Венеция м-н бирге Австрияга, 1866-ж. Италия королдугуна кошулган. Экинчи дүйнөлүк согушта катуу талкаланган. Байыркы рим театры (б. з. ч. 1-кдын аягы), чептердин калдыктары, Понте-Пьетра көпүрөсү, роман стилиндеги курулуштар,
Сан-Дзено-Мажоре чиркөөсү. соборлор, чиркөөлөр, Кастелвеккьо сепили (14-к.; Скалигер көпүрөсү м-н) ж. б. сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Музейлер, заманбап сүрөт гал., филармония, театрлар бар. Италиянын тамак-аш өнөр жайынын ири борбору (эт, балык, шарап, кондитер азыктары). Түстүү металлургия (цинк ж-а коргошун эритилет), машина куруу (а. ч., электроника ж. б.), хим. (резина тех. буюмдары, пластмасса), полигр., текстиль, тигүү, бут кийим, жыгаччылык, кагаз, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт.
тест