ГАВЕЛ Вацлав

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ВЕЛ Вацлав (5.10.1936, Чехия, Прага – 18.12.2011, Чехия, Краповеградецкий край, Трутнов р-ну, Градечек) – чех мамл. ж-а саясий ишмери; драматург. 1968-ж. «Прага жазы» мезгилинде «Көз каранды эмес жазуучулар клубунун» төрагасы, кийинчерээк өлкөдөгү укук коргоо кыймылынын жетекчилеринин бири, Хартия-77 укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү. Мындай аракети үчүн бир нече жолу түрмөгө камалып, Чехословакияда анын чыг-лыгына тыюу салынган. 1989-жылдан «Граждандык форум» кыймылынын лидери. 1989-ж. рев-ядан кийин Чехословакиянын президенти болуп шайланган (1989–92). Чехословакия бөлүнгөндөн кийин 1993-жылдан Чехиянын президенти (1997-ж. кайра шайланган). «Аудиенция» (1975), «Ассонанс» (1987) ж. б. чыгармалардын автору.