ГАДАМЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ДАМЕР (Gadamer) Ханс-Георг (11.2.1900, Марбург – 13.3.2002, Гейдельберг) – немец философу, 20-к-дын орто ченинде пайда болгон филос. герменевтика (классикалык тексттерди ж-а андагы маӊыздык жагдайларды чечмелөө) теориясынын негиздөөчүсү. Тексттерди түшүнүүнүн методологиясын иштеп чыгуу м-н гана чектелген мурдагы герменевтикадан айырмаланып, филос. герменевтикалык түшүнүү ж-а түшүндүрүү илиминин теориясы болуп саналат. Г-дин негизги эмгеги «Акыйкат жана метод» (1960) Дильтейдин түшүнүүчү психология идеясына, Гуссерлдин «горизонт», «өмүр дүйнөсү» теориясына ж-а Хайдеггердин тил ж-дөгү окуусуна таянуу м-н филос. герменевтика концепциясын гуманитардык илимдердин методу катары гана эмес, кайсы бир даражада өзүнчө онтология катары да өнүктүргөн.