ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Венецианов мектеби) – 19-к-дын 2-чейрегиндеги живописчилердин ж-а графиктердин тобу; А. Г. Венециановдон Санкт-Петербургда ж-а Тверь губерниясынын Сафонков кыш-нда окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–40-жылдарга туш келет. Орус живописинде В-дын чыг-лыгы айыл жаратылышы м-н орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. В-дын сүйүктүү жанры – портрет (көбүнчө интерьердеги), пейзаж, интерьер ж-а натюрморт. В-дын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура м-н иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун ж. б. катары кызмат кылган. Бул болсо В-ды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу м-н анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан. 

Ад.: Алексеева Т. В. Художники школы Венецианова. М., 1958.