ГАЗ АНАЛИЗИ
ГАЗ АНАЛИЗИ – газ аралашмаларынын курамын сапат ж-а сан жагынан аныктоо. Хроматография, спектрдик ж-а масса-спектрометрдик анализ методдору татаал аралашмаларды ж-а аларды түзгөн айрым компоненттерди түздөн-түз аныктоодо колдонулат. Бул методдор агрессивдүү, инерттүү орг. эмес ж-а орг. заттарды аныктоого мүмкүндүк берет. Бул анализдер экспрессиялуулугу, жогорку тактыгы м-н айырмаланат. Анализдин тууралыгы таза газдардан даярдалган стандарттык аралашмалардын жардамы м-н текшерилет. Анализделүүчү газ аралашмасын алдын ала бөлүп алууда ректификация, сорбция, масса алмашуу, центрифугалоо ж-а хим. реакциялар колдонулат. Бөлүнүп алынган компоненттер титрометрия, фотометрия ж. б. методдор м-н аныкталат. Көпчүлүк учурда анализделүүчү газдар эритмеге сиӊирилип алынып, кулонометрия, потенциометрия ж-а кондуктометрия ж. б. методдор м-н аныкталат. Г. а. газ анализдегичте жүргүзүлүп, атм-нын курамын аныктоодо, техн. процесстерди ж-а газ абалындагы заттардын сапатын текшерүүдө колдонулат.