ГАИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАИ́ТИ , Г а и т и Р е с п у б л и к а с ы – Вест Индиядагы мамлекет. Гаити а-нын батыш бөлүгү м-н ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш ж. б. аралдардан орун алган. Аянты 27,7

миӊ км2. Калкы 11,4 млн (2020). Мамл. тили – француз ж-а гаити (креол) тили. Борбору – Порт-о-Пренс ш. Г. адм. жактан 10 департаментке бөлүнөт. Акча бирдиги – гурд. Г.– БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) ж. б-дын мүчөсү.
Таблица бар
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
Г. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1987-ж. 29-мартта кабыл алынган (1996-ж. 8-августта референдумда өзгөртүлгөн). Башкаруу формасы – аралаш респ. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламенттен (Улуттук ассамблея) турат. Депутаттар палатасы ж-а Сенат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Гаити христиан-демокр. партиясы ж-а Гаити социалдык-христиан партиясы.
Рельефи тоолуу (бийикт. 2674 мге чейин, Ла-Сель тоосу). Аралдары аскалуу. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орт. темп-расы 23–

Аралдагы эрозияга учураган тоо капталдары.

29°С. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2000 ммге чейин. Ири дарыясы: Артибонит, анда кеме жүрөт. Кюль-де-Сак ойдуӊунда Г-деги эӊ ири көл – Соматр (113 км2) жайгашкан. Аймагында көбүнчө жалбырагы күбүлмө тропик токою, түштүгүндө дайыма жашыл баалуу дарактар өсөт. Г-де жалпы аянты 7,45 миӊ га болгон 8 коргоого алынган табигый аймактары, а. и.– Ла-Визит ж-а Макая улуттук парктары бар.
Калкынын 95%ин негрлер (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери – католиктер. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 51,6, аялдарыныкы – 54,3 жаш. Ири шаарлары – Порт-о-Пренс, Ле-Ке.
Европалыктар келгенге чейин аралды индей уруулары (аравак-таино ж-а сибон) жердешкен.

Порт-о-Пренстеги көчө соодасы.

Таинолор отурукташып жашашкан, алар маис (жүгөрү), гозо өстүрүшкөн, ал эми сибондор аӊчылык ж-а жыйноочулук м-н кесиптенишкен. 15-к-дын аягына карата алардын жалпы саны болжол м-н бир млнго жеткен. 1492-ж. 6-декабрда Х. Колумбдун экспедициясы аралды Эспаньола деп атап, Испаниянын колониясына айландырган. Испандар өзүлөрүнүн бийлигин ж-а динин тааныгысы келбеген жерг. индей урууларын кырып, калгандарын кул кылышкан. 16-к-дын аягы – 17-к-дын башында Испания, Франция ж-а Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-к-дын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 1804-ж. арал Францияга көз карандысыз деп жарыяланып, кулчулук жоюлган ж-а ага мурдагы Г. деген индейче аты кайтарылган. Г. 1807-ж. Г. мамлекети (негрлер көзөмөлдөгөн) ж-а Г. Респ. болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1821-ж. генерал Ж. П. Буайе өлкөнү бириктирип, бирдиктүү Г. респ-н түзгөн. 1825-ж. Франция анын көз каранды эместигин тааныган. 1844-ж. аралдын Г-ден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өз алдынча мамлекет – Доминикан Респ. түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939–45) Г. АКШнын согуш ж-а сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Г-де демокр. кыймыл кулач жайды. 1957-ж. АКШнын жардамы м-н Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин (диктатура) орнотту. Диктатор дүйнөдөн кайткан соӊ, 1971-ж. анын ордун уулу – Ж. К. Дювалье ээлейт, ал өзүн 1985-ж. «түбөлүк президент» деп жарыялайт. 1986-ж. башталган толкундоолордун жүрүшүндө Дювалье өлкөдөн качып кетет. 1990-ж. декабрда Ж. Аристид президент болуп шайланды, бирок 1997-ж. аскердик төӊкөрүштөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. 1994-ж. өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген, Аристид президенттик орунду ээлеген. 2004-ж. ал кайрадан качкан, анын ордуна Б. Александр шайланган. 2006-ж. 14-майда аны Р. Преваль алмаштырган. Учурда өлкөдө ички саясий абал туруксуз бойдон калууда.
Г. – Латын Америкасындагы эӊ жакыр өлкөлөрдүн катарындагы агрардык өлкө. Дүӊ продукция наркынын 30% а. ч., 20% өнөр жайы, 50% тейлөө кызматы берет. Г-нин аймагынын 49%и айдоо ж-а көп жылдык өсүмдүктөр; жайыт – 30%, токой – 25%, а. ч-га жарактуу жерлер – 0,2%. Тоо-кен тармагында алюминийдин негизги кенташы – боксит иштетилет. Өнөр жайы начар өнүккөн. Деӊизден креветка, краб, омар, балык кармашат. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: кофе, агава, сизаль, бал камыш, гозо, цитрус, банан, жүгөрү, таруу, шалы. Мал чарбасы көбүнчө тоолуу райондордо. 2003-ж. 546 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 4160 км. Негизги деӊиз порту Порт-о-Пренс. Эл аралык ири аэропорттору бар (Порт-о-Пренсте, Кап-Аитьенде). Сыртка негизинен текстиль, кофе, кант чыгарат. Негизги соода шериги – АКШ.
Билим берүүсү 6 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү түрдө ж-а акысыз. Порт-о-Пренс ш-нда ун-т, политех ин-т, бир нече менчик ун-ттер, Гаити-Америка ин-ту, ил.-из. ин-ттары, Улуттук музей, Улуттук китепкана, Г-нин иск-во борбору ж. б. бар. Г-де жалпы тиражы 35 миӊ нуска болгон 14 гезит, журналдар чыгат. 1930-жылдан радиоуктуруусу иштейт. Эки телекөрсөтүү станциясы бар. Ад-ты негизинен француз, о. эле креол тилинде да өнүгүүдө. Арх-ралык эстеликтеринен Порт-о-Пренстеги собор (18-к.), Кап-Антен ш-на жакын Ло-Ферьер

Гаити акчасы.

цитадели (19-к.) ж-а Сан-Суси аксарайы (1811–12) бар.
Ад.: Метеллюс И. Проблемы развития национального внутренного рынка Гаити. М., 1996; Cheong- Lum R. Haiti. N. Y., 1999; Anthony S. Hait. N. Y., 2005.