ГАЙМОРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЙМОРИ́Т – мурундун кошумча коӊулунун, гаймор чел кабыгынын (кээде сөөгүнүн) сезгениши. Г-тин өнөкөт ж-а катуу кармаган түрү бар. Катуу кармаган түрү сасык тумоо (мурун бүтүү), грипп, кызылча, скарлатина ж. б. жугуштуу оорулардын кабылдоосунан ж-а үстүӊкү азуу тиштердин сезгенишинен да пайда болот. Жабыркаган кобулдар ооруксунуп, мурун бүтүп, дем алуу, жыт сезүү начарлайт, мурундан суюктук бөлүнөт, көздөн жаш агат. Көбүнчө чеке же чыкый ооруйт. Сезгенүүдө пайда болгон суюктук көӊдөй соо учурда мурун көӊдөйү аркылуу аз-аздан сыртка чыгып турат. Ал эми Г-те суюктук агып чыгуучу жолдун чел кабыгы көөп (шишип), суюктук чыкпай чогулат. Катуу кармаган Г-те дене ысып, чыйрыгат, баш ооруп, эӊкейгенде, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө күчөйт, көз шишийт, оорулуунун алы кетип, тез чарчайт. Аны өз убагында дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт. Өнөкөт Г-тин кабылдоосу көп ооруларга (мис. менингоэнцефалит, мээ абсцесси ж. б.) дуушар кылат. Алдын алууда ага себеп болуучу ооруларды убагында дарылоо, суукка урунбоо мааниге ээ.