ГАЛЕНИТ
ГАЛЕНИ́Т (лат. galena – коргошун кенташы), к о р г о ш у н ж а л т ы р а г ы – коргошун сульфиди, минерал. Хим. Формуласы – PbS. Куб сингониясында кристаллданат. Өӊү боз, металлдай жаркырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2–3; тыгыздыгы 7,4–7,6 г/см3. Гидротерм ж-а метасоматоз жолу м-н пайда болот. Г. – коргошун алынуучу негизги кенташ.
