ГАЛИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛИЕВА Зайраш Идрисовна (11. 12. 1959-ж. т., азыркы Бишкек ш.) – тарыхчы ж-а саясат таануучу, тарых илимд. доктору (2010). 1983-ж. КМУнун тарых ф-тин бүткөн. 1983–86-ж. СССРдин 50 жылдыгы атн. КМУнун тарых ф-тинде окутуучу, 1993–95-ж. Ж. Баласагын атн. КУУнун тарых ф-тинде улук окутуучу, 1995–97-ж. доцент, 1997–98-ж. Жорж Вашингтон атн. ун-тте стажер (АКШ), 1998–2002-ж. КУУнун тарых ж-а чөлкөм таануу ф-тинде доцент, 2002–03-ж. И. Арабаев атн. КМПУда Ата Мекен тарыхы кафедрасынын башчысы, 2003–05-ж. КУУнун тарых ж-а чөлкөм таануу ф-тинде доцент, 2005–06-ж. Миссури штатынын мамл. ун-тинде изилдөөчү-стажер (АКШ), 2006–08-ж. КУУнун тарых ж-а чөлкөм таануу ф-тинде доцент, 2008-ж. декан, 2009–10-ж. доцент, 2010-жылдан кафедранын профессору. Ж. Баласагын атн. КУУнун «ВЕСТНИК КМУ» ил. ж-а билим берүү журналында бөлүм башчы. 90дой ил. эмгектин (а. и. 3 монография, 3 окуу-методикалык колдонмо, 1 окуу китеби) автору.
Эмг.: История государства и права Кыргызской Республики: учебник.- Бишкек, 2011. (в соавт.); Современная Центральная Азия: динамика социально-политических процессов. –Бишкек, 2014. Суверенный Кыргызстан: реалии политического развития. – Бишкек, 2017.