ГАЛУЯН НЕФРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛУЯН НЕФРИ́Т КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Айдаркен ш-нан 15 км түштүктө, Алай кырка тоосундагы Галуян коктусунун баш жагында жайгашкан. 1982-ж. табылган. Кен аймагында негизинен девон мезгилинде пайда болгон чөкмө тоо тектер жатат. Аларды Алай кырка тоосунун кырында гранит интрузиялары жиреп чыккан. Кен ири кесекчелүү мөӊгү чөгүндүсүнүн (моренанын) арасында нефрит сымал тоо тектин чоӊ төө таштары түрүндө. Мында нефрит сымал тоо тек акиташтегинин гранит интрузиясынын чегинде скарндашуусунан пайда болгон. Нефрит күӊүрт жашыл түстө, чачышкан тарам түзүлүштө. Андан кооз ж-а асем буюмдарды жасоого болот.