ГАМБУРГ
ГА́МБУРГ – Германия Респ-ндагы шаар. Өз алдынча адм.-айм. бирдикти – Гамбург жерин түзөт. Эльба д-нын боюнда, Түндүк деӊизинен 100 км аралыкта жайгашкан. Калкы 1,9 млн (2020); калкынын саны б-ча өлкөдөгү Берлинден кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Өлкөнүн башкы деӊиз ж-а дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Эльба-Траве каналы аркылуу Балтика деӊизиндеги Любек порту м-н байланышат. Ири өнөр жай, соода, финансы ж-а маданий очок. Кеме ж-а авиа куруу, электр-тех., нефть ажыратуу, хим., жеӊил, тамак-аш – татымал, түстүү металлургия, кино өнөр жайы, метрополитен, ун-т, ядро изилдөө ин-ту, Мамл. опера театры иштейт. Г-дагы суу астындагы тоннел аркылуу Стокгольм – Лиссабон автострадасы өтөт. Альтон (Түн. Германиянын мад-ты ж-а тарыхы), этногр., Кунстхалле, иск-во ж-а

кол өнөрчүлүк музейлери, скульптор ж-а жазуучу Эрнст Барлахтын үйү бар. 9-к-да Улуу Карл тарабынан чеп катары негизделген. О. Кылымда ганзалардын башкы шаары болгон. 1510-жылдан эркин империя, 1815–1933-ж. эркин шаар. Кыштан салынган готика стилиндеги Ыйык Пётр (11-к.), Ыйык Екатерина (14–15-к.), Ыйык Иаков (14-к.) чиркөөлөрү сакталган. Г. 17-к-дан муз. мад-ттын ири борбору. 1975-жылдан «Балет күндөрү», 1985-жылдан кыска метраждуу фильмдердин фестивалдары болуп турат. 1974-, 2006-ж. футбол б-ча дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлгөн. Г. – жашыл шаар (шаардын аймагынын 40%тен ашыгын бакча, парк, аянттар, токой ээлейт). «Плантен унд блумен» паркы (рекреация объектиси) шаардын түн. бөлүгүндө жайгашкан. Көпүрөлөрдүн саны б-ча (2200дөн ашык) дүйнөдөгү шаарлардын ичинен алдыӊкы орунду ээлейт. Балык базары (порттун аймагында), Хагенбек зоопаркы (1907) иштейт. Немистин улуу композиторлору И. Брамс ж-а Я. Мендельсон ушул шаарда төрөлгөн.