ГАПАРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАПАРОВ Мурза (22. 3. 1936, Ош обл., Ноокат р-ну, Нойгут айылы – 14. 11. 2002, Бишкек) – жазуучу, драматург ж-а киносценарист, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиӊ. ишмери (1986), Кыргыз

эл жазуучусу (1998). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1962). Тажикстандын Мургаб р-нундагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде мугалим (1962), Кыргыз мамл. радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүү к-тинде редактор (1963–65) болгон. 1965–67-ж. Москвадагы киносценаристтердин курсунда окуган. «Кыргызфильм» (1968), «Кыргызтелефильм» (1970) студияларында редактор, Ош ш-ндагы Кыргыз драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы (1974), Кырг-н жазуучулар союзунун Ысык-Көл обл. б-ча адабий кеӊешчиси (1984–86), «Заман Кыргызстан» гезитинин Башкы редактору (1993–96), 2000-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» ун-тинде кафедра башчысы болуп эмгектенген. Жазуучунун «Бөтөн таканын изи» аттуу алгачкы аӊгемеси 1958-ж. «Жаш ленинчи» журналында жарыяланган. Г. – «Мейман» (1963), «Бир шиӊгил жүзүм» (1966), «Кара-Көлдүн каздары» (1973), «Күнөстүү арал» (1976), «Кызыл беде» (1980), «Чагылгандын огу» (1981), «Кар алдындагы арчалар» (1982), «Темир корук» (1984), «Жаӊгак токоюнун жомогу» (1989), «Таӊгут падышасынын кеги» (2002) ж. б. китептердин автору. Драматург катары «Туздуу чөл» (1989), «Биздин үйдүн Карлсону» (1983), «Мээримдүү Мээри» (1992), «Бар үмүтүм сенде, София Булан» (1993), «Жамгырлуу түндүн жомогу», «Өлгүм келет, спонсор керек» (1995, Г. Гапарова м-н авторлош), «Киотого кеткен жол» (1995), «Кызганчаак келиндердин кечеси» (1997) «Караван сарай» (1998, кызы А. Гапарова м-н авторлош), «Өткөн жылдагы кар кайда?» (2000) аттуу пьесалары респ-нын ж-а Россиянын бир нече театрларында коюлуп, жогорку баага арзыган. Г-дун сценарийи б-ча «Көчө» аттуу толук метраждуу көркөм фильм ж-а бир нече кыска метраждуу даректүү фильмдер тартылган. Айрым аӊгемелери литва, татар, өзбек, француз, орус тилдерине которулган. Анын ысмы Ноокат р-нунун борборунда жайгашкан мектеп-интернатка берилген.
Т. Абдыразаков.