ГАРЕЕВ КҮЗДҮГҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРЕЕВ КҮЗДҮГҮ – алма сорту. Курск ренети м-н боровинка алма сортторун кыйыштыруудан алынган. Анча бийик эмес, сейрек бутактуу, жыш мөмөлөйт. Суукка байымдуу, 4–5 жылдык дарагы мол түшүм бере баштайт. Темп-ранын тез өзгөрүшү ага көп таасир этпейт. Мөмөсү тоголок же сүйрү, орт. салм. 120 г, саргыч, мала кызыл, ширелү, даамдуу. Сентябрдын башында бышат, ноябрдын ортосуна чейин сакталат. Г. к. КР ИАнын Ботаника багында чыгарылып, Э. З. Гареевдин атынан аталган.