ГАРМОНЬ
ГАРМО́НЬ (гармоника, гармония) – үйлөмө муз. аспап. Биринчи кол Г-ун немис устасы К. Ф. Л. Бушман (1822) жасаган. 19-к-дын 30–40-жылдарында Россияда орус усталары Т. П. Воронцов, И. Е. Сизов, Л. А. Чулков, Н. И. Белобородов ж. б. орус элдик муз. өнөрүндө көп колдонулуучу өзгөчө аспап жасашкан. Г-дун типтүү конструкциялары – тулалык, саратовдук, вяткалык (тальянка), ливендик, черепашка, веналык эки катарлуу, хромка ж. б.; Г-дун өркүндөтүлгөнү – баян, аккордеон.