ГАРСИЯ
ГАРСИ́Я Мануэль дель Пополо Висенте Родригес (22. 1. 1775, Севилья, Испания – 10. 6. 1832, Париж, Франция) – испан опера артисти (тенор), композитор ж-а педагог. Г. белгилүү артисттер: Гарсиянын, М. Малибран, П. Виардо атасы. 6 жашынан Севильяда чиркөө хорунда ырдаган. 1798-ж. Мадрид театр труппасында франц. күлкүлүү операларында тенор партияларын аткарган. Париждеги «Театр Итальенде» ырдаган, биринчи тенору болгон. 1818-жылдан Лондон театрларында ырдаган ж-а ыр мектебин негиздеген. Ырчы балдары м-н АКШда гастролдо болгон. Г-нын репертуары өз мезгилиндеги тенор партияларынан турган: Дон Оттавио, Дон Базилио (Моцарт, «Дон Жуан», «Фигаронун үйлөнүшү»), Ахилл (Глюк, «Ифигения Авлидеде»), Норфолк (Россини, «Елизавета – Англиянын королевасы») ж. б. Г. «Туткун», «Багдад калифи», «Үйлөнүүнүн эки жагы», «Анткор кызматчы», «Диана жана Эндимон», «Абуфар» ж. б. көптөгөн опералардын автору ж-а коюучусу. 1828-жылдан Парижде жашап, өзү негиздеген ыр мектебинде вокалдык иск-водон сабак берген.