ГАФУР ГУЛЯМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАФУР ГУЛАМ (өз аты-жөнү – Гафур Гуламович Гуламов [27. 4 (10. 5). 1903, Ташкент – 10. 7. 1966, ошол эле жер) – акын, публицист, котормочу, Өзбек ССР эл акыны (1963), Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). СССР мамл. сыйл. лауреаты (1946), Мугалимдер курсун бүтүрүп, бир нече жыл мугалим болуп иштеген. «Зурна» деген ыры «Маориф ва укитучи» («Агартуу жана мугалим») журналына жарыялангандан (1923) баштап ад-тка аралаша баштаган. «Чыгыштан баратам» (1943), «Туулган жер бактысы» (1951), «Ленин жана Чыгыш» (1961) ж. б. ыр жыйнактарында өзбек элинин турмушун сүрөттөгөн. А. Пушкин, М. Лермонтов, В. Маяковский ж. б. акындардын ырларын өзбек тилине которгон. Өзбек ад-тынын тарыхын ж-а фольклорун изилдөөгө чоӊ салым кошкон. Өзбек ССР Жогорку Советинин депутаты (1945–51). Чыг.: Асарлар. 1–5 т., Тошкент. 1964–67; Ырлар. Ф., 1955; Избранное. Стихи. М., 1958.
Ад.: Якубов Х., Гафур Гулям. Жизнь и творчество. Т., 1959.