ГВАДАЛАХАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВАДАЛАХА́РА , Г у а д а л а х а р а – Мексиканын батышындагы шаар. Мексика тайпак тоосунун түш.-батышында, 1567 м бийиктикте жайгашкан. Халиско штатынын адм. борбору. Калкы 1,4 млн (2015); калкынын саны б-ча Мехикодон кийинки 2-шаар. Тогуз жолдун тоому. Метрополитен. Саламанкадан нефть ж-а нефть продукциясы, Сьюдад-Пемекстен газ куурлары келет. Өлкөнүн соода-өнөр жай, ил., маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (радиоэлектроника өнүккөн), металл иштетүү, тамак-аш–татымал, булгаары-бут кийим, текстиль, хим. өнөр жай ишканалары ж-а «Honda» компаниясынын автозаводу (жылына 27 миӊ даана) иштейт. Ун-ттер, калк китепкналары,

Шаардын көрүнүшү.

заманбап иск-во гал-лары, музей, Х. К. Оросконун музей-өнөр канасы, планетарий, зоопарк бар. 1531-ж. негизделген. Чиркөөлөр, 16–18-к-дын коомдук курулмалары (а. и. Сан-Франсиско, 16–17-к.; Санта-Моника чиркөөлөрү, 1720–33) сакталган. Епископ Каваньястын госпиталынын имараты Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарга жакын ГЭС бар.