ГВИАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВИА́НА, Ф р а н ц у з д у к Г в и а н а – Франциянын деӊиздеги алыскы депертаменти (1946). Түш. Американын түн.-чыгышында жайгашкан. Батышынан Суринам, түштүгүнөн ж-а чыгышынан Бразилия м-н чектешет. Түндүгүн ж-а түн.-чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 91 миӊ км2. Калкы 294,0 миӊ (2021), негизинен креол, метис, негр, ички аймактарында индейлер жашайт; алар негизинен океан жээктеринде отурукташкан. Адм. борб. ж-а негизги деӊиз порту – Кайенна ш. Расмий тили – француз тили. Адм.-айм. жактан 2 округка бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Франция парламентинде Улуттук чогулуштун 3 депутаты ж-а 2 сенатору Гвиананын өкүлү.
Гвиана бөксө тоосунун четки түн.-чыгышын ж-а Гвиана түздүгүн ээлейт. Аймагы тоолуу түздүк (бийикт. 850 м); аны түндүгүнөн ичке жээк ойдуӊу курчап турат. Климаты субэкватордук,

Мангр токою.

ысык ж-а нымдуу, айлык орт. темп-расы 25–28°С. Жылдык жаан-чачыны 2700 ммден 3700 ммге чейин. Дарыялары көп, босоголуу. Ири дарыялары – Марони, Ояпок, Апруаг. Кызыл сары ферралит топурагы басымдуу. Аймагынын 90%тен ашыгын нымдуу жыш дайыма жашыл тропик токою (түндүгүндө ж-а борб. бөлүгүндө бийик чөптүү саванна ж-а 500дөн ашык дарак өсүмдүктөрүнүн түрү ж. б.) ээлейт. Океан жээктерин сейрек кездешүүчү деӊиз таш бакалары мекендейт. 19 табигый аймак коргоого алынган. Г-нын аймагында алгач француздар 1604-ж. отурукташкан. Плантацияларында Африкадан алынып келинген кул негрлер иштеген. 18-кдын аягынан сүргүнгө айдалчу жерге айланган.

1946-жылдан Франциянын деӊиздеги алыскы департаменти.
Г. – экономикасы артта калган агр. өлкө. ИДПнин көлөмү 1,5 млрд долларды (АКШ) түзүп, аны киши башына бөлүштүргөндө 8,3 миӊ доллардан туура келет. Экономикасында Франциянын космос борборунун мааниси зор (Куру космодромунан түшкөн киреше ИДПнин 25%ин түзөт). Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Ишке жарамдуу адамдын 61% тейлөө чөйрөсүндө, 21% өнөр жайда, 18% а. ч-нда эмгектенет. Алтын

Куру космодрому. «Ариан-5» ракетасы старт аянтчасында.

казылып алынат. Жыгачтын баалуу түрү өстүрүлөт. Креветка ж-а балык кармалып, беленделет. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: бал камыш (толугу м-н ром өндүрүшүнө пайдаланылат), банан, шалы. Бодо мал, чочко, үй куштары багылат. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун уз. 800 км, суу жолунуку 460 км чакан кемелер үчүн. Башкы деӊиз соода порту – Дегра-де-Кан. Экспортко алтын, креветка, ром, жыгач чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина куруу ж-а хим. өнөр жайы үчүн продукция алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Швейцария, АКШ (экспорт); Франция, АКШ, Тринидад ж-а Тобаго (импорт).