ГЕДИН
ГЕДИ́Н , Х е д и н Свен Андерс (19.2. 1865, Стокгольм – 26.11. 1952, ошол эле жер) – швец. саякатчысы, Азияны изилдөөчү. Швециялык король ИАнын мүчөсү (1913). Г. Швецияда акыркы дворянин титулун алган (1902). 1882 – 92-ж. Стокгольм, Упсала, Берлин, Галле ун-ттеринде география, минералогия ж-а зоологияны окуп үйрөнгөн. 1885-ж. Кавказ аркылуу Персияга, Месопотамияга ж-а Стамбулга, 1890–91-ж. Стамбулдан Бухарага, Самарканга, Теӊир-Тоого, 1893–97-ж. Памир аркылуу Такла-Макан чөлүнө, Тибеттин түндүгүнөн өтүп Пекинге саякат жасаган. 1899–1902-, 1927–35-ж. Тарим д-н ж-а Лобнор көлүнүн тегерегин изилдеген. 1905–08-ж. Трапезунд (Трабзон) ш-нан чыгып, Тибеттин түн.-чыгышынан ж-а Кашмир аркылуу өтүп, Тибеттин түштүгүнө ж-а батышына жетип, Брахмапутра ж-а Сатлеж д-нын башатын изилдеген; Борб. Азиянын изилденбеген көптөгөн аймактарынын картасын түзгөн. 1923-ж. дүйнөнү айланып чыккан. Биринчи дүйнөлүк согушта Россияга каршы Германия м-н Швециянын союзун колдогон.
Эмг.: В сердце Азии. Памир, Тибет, Восточный Туркестан. СПб., 1899. Т. 1 – 2; Тарим – Лоб-Нор – Тибет. СПб., 1904.
Ад.: Хозиков В. Забытый кумир фюрера: Жизнь С. Гедина. М., 2004.