ГЕЙ-ЛЮССАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЙ-ЛЮССА́К Жозеф Луи (6.12.1778, Сен-Леонар – 9.5.1850, Париж) – фр. химик ж-а физик. Париж ИАнын мүчөсү (1806). 1809-жылдан Париж политех. мектебинде химия, Сорбоннада (Париж) физика б-ча проф., Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1826). Париж ботан. багынын проф. (1832). Г.-Л. 1802-ж. газдардын жылуулуктан кеӊейүү законун ачкан (к. Гей-Люссак закондору). 1804-ж. ил. максатта эки жолу аба шары м-н асманга учкан. Экинчи жолкусунда 7000 мге жакын бийиктикте жер магнетизминин ургаалдуулугу (интенсивдүүлүгү) анча өзгөрбөй тургандыгын ж-а аба курамы жер бетиндегидей эле болорун аныктаган. 1808-ж. газдардын көлөмдүк катыш законун ачат. Ошол эле жылы Л. Тенар м-н бирге жегич калий ж-а жегич натрийди темир таарындысы м-н ысытып, калий м-н натрийди алуу жолун иштеп чыккан ж-а бор ангидридин калий м-н кошуп ысытып, борду бөлүп алган. 1813–14-ж. Деви м-н бир мезгилде иод хлорго абдан окшош хим. элемент экенин аныктап, анын бирикмесин (иоддуу суутек) бөлүп алган. Синил к-тасын даярдап (1811), анын циан радикалынын суутек бирикмеси экенин далилдеген (1815). Циандуу сымапты ысытуудан цианды алган. 1819-ж. эригичтиктин диаграммасын түзгөн. Г.-Л. титрлөө методдорун өркүндөтүү б-ча көп иштерди жүргүзгөн.