ГЕЛИОТЕХНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛИОТЕ́ХНИКА (гелио... ж-а техника) – тех. илимдин күн нурунун энергиясын башка энергияга айландыруу жолун изилдөөчү тармагы. Күн өтө көп нур энергиясын Жерге жиберет. Бул агымдын атм-нын жогорку чегиндеги тыгыздыгы 1,4 кВт2 ге жетет, бирок анын бир топ бөлүгү атм-га жутулат. Г-лык эсептөөлөрдө күн нурунун тыгыздыгы деӊиз деӊг. 0,815 кВт2 деп алынат. 1770-ж. О. Соссюр (Швейцария) «ысуучу ящик» түрүндөгү гелиокурулма жасаган. 19-к-дын экинчи жарымында Г-га кызыккандар көбөйгөн. А. Мушо (Франция), Ж. Эриксон (Швеция), А. Эниас (АКШ) Күн энергиясы м-н иштөөчү аба ж-а буу кыймылдаткычынын тажрыйбалык үлгүлөрүн түзгөн. Россияда 1890-ж. В. К. Цераский ар түрдүү металлдарды параболалык күзгүнүн фокусуна жайгаштырып эритип, бир топ эксперимент жасаган. 1912-ж. Ф. Шумандын (Германия) ж-а У. Бойстун (Англия) сунушу б-ча Каирдин жанында ошол кезде ири деп эсептелген, кубаттуулугу 45 кВт болгон күн курулмасы курулган. 20-к-дын 30-жылдарында инж. эсептөө методдору иштелип чыккандан кийин сууну туздан тазартууда, жер кургатуу ишинде энергия булагы катары гелиокурулмалар пайдаланылган. Космос мейкиндигин өздөштүрүүгө байланыштуу күн нурунун энергиясын электр энергиясына айландыруу б-ча иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда физика м-н химиянын жетишкендиги ж-а жогорку тех. мүнөздөгү арзан материалдарды (пластмасса, синтездик плёнкалар ж. б.) колдонуу – гелиокурулмалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат ж-а өзүнө турган наркын төмөндөтүп, күн энергиясын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет.