ГЕЛЬМИНТОСПОРИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛЬМИНТОСПОРИО́З – өсүмдүктүн Helminthosporium уруусундагы мите козу карындар пайда кылуучу илдети. Негизинен дан өсүмдүктөрү ж-а нымдуу райондордо кээ бир тех. өсүмдүктөр жабыркайт. Өсүмдүк жалбырагын ж-а данын темгил так басып, карарып, тамыры м-н сабагы чирийт. Илдет үрөн ж-а өсүмдүк калдыгы м-н тарайт. Арпа (тилке темгил ж-а калбыр темгил), сулу, жүгөрү, шалы, апийим, гозо чанагынын Г-у көбүрөөк таралган. Арпанын т и л к е т е м г и л и – өсүмдүктүн эӊ коркунучтуу илдетинин бири, анда жалбырагын так басып, бозоруп, куурап калат. Дүмбүлү карарат. К а л б ы р т е м г и л д е жалбырагына саргыч кырбылуу боз так түшөт. Даны күрөӊ түскө айланат. Сактануу чаралары: тоӊдурма айдоо, фосфор-калийлүү жер семирткич чачуу ж. б., паянын минералданышын тездетүүчү агротех. чараларды көрүү, өсүмдүк калдыгын өрттөп жок кылуу; үрөндү себер алдында тазалоо, сорттоо ж-а дарылоо.