ГЕМОРРАГИЯЛЫК ЫСЫТМАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕМОРРАГИЯЛЫК ЫСЫТМАЛАР – жаныбарлардан адамга берилүүчү табигый булактуу вирус ооруларынын тобу. Алардын клиникалык жалпы белгиси – темп-ранын көтөрүлүшү. Ооруну айрым кемирүүчүлөр ж-а кенелер таратат. Козгогучтары ж-а инфекциянын таралыш жолдору б-ча бир нече түрү бар. Геморрагиялык н е ф р о з о н е ф р и т Европада ж-а Азияда кездешет. Жашыруун мезгили 11 – 24 күн. Жапайы майда кемирүүчүлөр заӊы м-н микробду бөлүп чыгарат. Аны м-н булганган азыктардан, суудан кишиге жугат. Демейде оору күз, кыш айларында, кемирүүчүлөр турак-жайга, үйүлгөн чөп, саман арасына чогулганда тарайт. Оорулуунун денеси ысыйт (39–40°Сге чейин). Башы, булчуӊдары, буту катуу ооруп, суусайт, алы кетет, уйкусу качат, тамак ичкиси келбейт, денесине майда ысыктар чыгат. Тиштери, мурду канайт. Бөйрөк жабыркап, бели, ичи ооруйт, кан аралаш заара ушатат. Бөйрөк жакшы иштебей, заара денеге тарап, организм ууланат. К р ы м Г. ы. Крымда, Россиянын Ростов обл-нда, Түш. Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанда, о. эле Кыргызстанда кездешет. Иксод кенеси чакканда жаз-жай айларында жугат. Жашыруун мезгили 2–7 күн. Борб. Азияда үй жаныбарлары вирус булагы болуп эсептелет. Крым Г. ы-ынын клиникалык белгилери геморрагиялык нефрозонефритке окшош, бирок бөйрөк жабыркабайт. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Г. ы-дын алдын алуу үчүн калк жашаган жерлерде кемирүүчүлөрдү жоготуу, талаа, токойдо иштегендер кененин чагуусунан сактануусу, тамак-ашты чычкандын булгап кетүүсүнөн коргоо керек.