ГЕНЕРАЛ-ГУБЕРНАТОРЛУК
ГЕНЕРА́Л-ГУБЕРНАТОРЛУК – 1775–1917-ж-да Россиядагы чоӊ адм.-айм. бирдик. Г.Г-тун башында генерал-губернатор туруп, анын негизин бир, же бир нече облус м-н губерния түзүп, көбүнчө Россиянын чет жакасындагы аймактар кирген. Мис., 1803-ж. Сибирь Г.-Г. түзүлүп, кийин ал Батыш ж-а Чыгыш Г.-Г-ка бөлүнгөн (1822). 1867-ж. Жети-Суу обл-н кучагына алган Түркстан генерал-губернаторлугу, 1882-ж. Талаа генерал-губернаторлугу түзүлгөн. Кыргызстан Жети-Суу облусунун курамында болгон.