ГЕНЕРАЦИЯ ОРГАНДАРЫ
ГЕНЕРА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ (лат. generatio – туулуу, өндүрүү) – өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү кызматын аткаруучу органы. Жыныссыз ж-а вегетациялык көбөйүү органдары м-н бирге репродукциялык органдарга кирет. Жөнөкөй эукариоттордун (кээ бир балырлар, эӊилчектер) Г. о. физиол. жактан гана айырмаланып, аталык ж-а энеликке анча дифференциацияланбайт (гетероталлизм). Эволюциянын жүрүшүндө жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн Г. о. татаалданып, антеридийге (аталык гаметага) ж-а оогонийге (энелик гаметага) дифференциацияланган. Андан кийинки гаметангийлер (мис., күрөӊ балырлар) бөлүнүп, алардан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн (мамык чөптөр, папоротниктер, кырк муун, плаун) көп клеткалуу Г. о. – антеридий ж-а архегоний пайда болгон. Жылаӊач уруктуу өсүмдүктөрдүн Г. о-ы редукцияланган. Жабык уруктуу (гүлдүү) өсүмдүктө неотония кубулушу ж-а көбөйүү цикли кыска болгондуктан, 2 клеткалуу аталык ж-а түйүлдүк кабы же энелик жыныс гаметофиттери пайда болот. Г. о. түшүнүгү көп учурда гүл м-н уруктарга тиешелүү. Жаныбарда Г. о. жыныс органдары деп аталат.