ГЕНЕТИКА
ГЕНЕ́ТИКА (гр. gеnesis – чыккан теги) – организмдин тукум куугучтук ж-а өзгөргүчтүк закон ченемдүүлүктөрү, аны жөнгө салуу ыкмалары ж-дөгү илим. Г. организмдердин адамга керек формаларын алуу же алардын жеке өөрчүшүн жөнгө салуу максатында тукум куугучтукту ж-а өзгөргүчтүктү башкаруу ыкмаларын иштеп чыгат. Тукум куугучтуктун закон ченемин алгач Г. Мендель 1865-ж. буурчак м-н тажрыйба жүргүзүп ачкан. Бирок анын тажрыйбаларынын мазмунун ж-а ал ачкан закондордун маанисин илим 1900-жылдан баштап гана баалады. ХIХ к-дын аягы – ХХ к-дын башында окумуштуулар тукум куугучтук, өзгөргүчтүк касиеттеринин тукумга берилиши митоз ж-а мейоз убагындагы хромосомалардын татаал аракеттери, жыныс клеткаларынын жетилиши ж-а уруктанышы м-н байланыштуу экендигин аныкташкан. Т. Морган 1911-ж. тукум куугучтуктун хромосомалык теориясын түзгөн. Ал теорияда организмдин касиети м-н белгилерин ген аныктарын далилдеген. Г-нын өнүгүшүндө рентген нурларынын генди өзгөртүшү – мутагендик ыкмалардын ачылышы өзгөчө мааниге ээ болду. Г-нын өнүгүшүндө орус илимпоздору А. С. Серебровский м-н Н. П. Дубинин ж. б. зор эмгек сиӊирген. Н. К. Кольцов тукум куугучтуктун мол. түзүлүшү ж-дө алгачкы пикир айткан (1927, 1935). Г-да микроорганизмдер м-н вирустарды колдонуу, хим., матем. ыкмаларды киргизүү мол. Г-нын өсүшүнө алып келди. Изилдөөлөр тукум куугучтук дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНКнын) молекуласы м-н байланыштуу экендигин далилдеди. 1953-ж. амер. илимпоздор Д. Уотсон м-н Ф. Крик изилдөөлөрдүн негизинде ДНК молекуласынын моделин түзгөн. Азыркы учурда ген ДНК молекулаларынын бөлүгү экендиги аныкталды. Ч. Дарвиндин эволюция теориясынын өрчүшүндө Г-нын мааниси өтө зор. Эволюциялык Г. эволюция кезиндеги тандоонун Г-лык механизмин, жеке гендин, гендер системасынын функцияларын ж-а мутациялык процесстерин изилдеди. Г-нын жетишкендиктери – селекциянын негизи. Н. И. Вавилов Г-лык изилдөөлөрдүн натыйжасында тукум куугучтуктун гомологиялык катарлар законун ж-а эгилме өсүмдүктөрдүн теги ж-дө законду ачты. Ал эми алыскы түрлөрдү аргындаштыруу теориясына орус окумуштуулары Г. Д. Карпеченко м-н И. В. Мичурин негиз салышкан. Мал селекциясынын Г-лык негизин түзүүгө М. Ф. Иванов, Б. Н. Васин ж. б. чоӊ үлүш кошту. Изилдөө объектилерине карата өсүмдүк, жаныбар, микроорагнизмдер Г-сы, пайдаланган ыкмасына жараша биохим., мол. Г. болуп айырмаланат. Г-нын идеялары ж-а ыкмалары адам турмушунун бардык тармактарында колдонулуп, медицинада, а. ч-да, микробиол. өнөр жайдагы ар кандай проблемаларды чечүүдө мааниси зор.
Ад.: Вавилов Н. И. Генетика и селекция. Избр. соч. М., 1966; Дубинин Н. П. Общая генетика. М., 1970.