ГЕНЕТИКАЛЫК ИНФОРМАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНЕТИКАЛЫК ИНФОРМА́ЦИЯ – укумдан тукумга берилүүчү тукум куума касиет. Организмди түзүүчү заттардын (белоктор ж-а нуклеин к-талары) курамы, түзүлүшү ж-а зат алмашуу мүнөзү ж-дө информация, ата-бабадан кийинки тукумга гендердин жыйындысы түрүндө өтөт. Г. и. хромосомада дезоксирибонуклеин к-тасынын (ДНК) молекуласындагы нуклеотиддердин ырааттуу тизмеги түрүндө болот. Ал онтогенез учурунда ген белгилерин көрсөтөт. Жыныстык жол м-н көбөйүүчү организмдерде Г. и. укумдан тукумга жыныс клеткалары – гамета, ал эми прокариот микроорганизмдерде Г. и. өзгөчө типтеги трансдукция, трансформация аркылуу берилет.