ГЕНОМ
ГЕНО́М, (нем. Genom) – айрым түрдүн гаплоиддик хромосомасына мүнөздүү ген жыйындысы. «Г.» терминин 1920-ж. немец окумуштуусу Г. Винклер киргизген. Особдорду мүнөздөөчү генотиптен айырмаланып, Г. түрдүн мүнөзүн көрсөтөт. Алыскы түрлөрдү аргындаштырууда, ар түрдүү Г-дук организмдерди – аллополиплоиддерди, мис., буудай м-н буудайык гибридин алууга болот. Түрдүү Г-дук өсүмдүктөр кээде табиятта да кездешет. Түрлөрдүн Г-унун санын ж-а окшоштугун аныктоо үчүн атайын ыкма Г-дук анализ колдонулат. Диплоиддүү организмде Г. ген. анализдөөнүн бөлүнүүчү бирдиги, анткени нормалдуу гамета бирден Г. алып жүрөт. Аны организмдин өнүгүүсүндө функциялык бирдик катары да кароого болот, анткени кээ бир
организмдер (өзгөчө өсүмдүктөр) бир Г-ду алып жүргөн гаплоидден өнүгөт.