ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕЗИЯЛЫК БЕЛГИЛЕР – жер бетиндеги геодезиялык пункттарды көрсөтүү үчүн атайын курулган белгилер. Г. б-дин үстүндөгү бөлүгү таш мололор, жыгач же металл мунаралар түрүндө тургузулуп, алардын бийиктиги м-н констр-сы жердин шартына ж-а пункттардын аралыгына жараша ар түрдүү болот. Негизинен бийикт. 6–18 мге жетет. Жер астындагы бөлүгү бетондон же бетонго карматылган темир түтүктөн турат. Анын ортосуна чоюн марка бекитилип, ага чекит же көзөнөкчө белгиленет. Ал пункттун геод. борбору катары эсептелет. Нивелирлөө пункттарындагы белгилер – репер же имараттардын керегесине тагылган чоюн марка. Маркага геод. пункттун номери ж-а түрү коюлуп жазылат.