ГЕОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЛО́ГИЯ (гео… ж-а …логия) – Жер ж-а анын кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы ж-а андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашуусу ж-дөгү илимдердин комплекси. Г. эӊ байыртан, тоо тек, минерал ж-а кенташтар ж-дөгү алгачкы маалыматтар пайда болгондон эле белгилүү. Байыркы грек ж-а Рим илимпоздору (Пифагор, Аристотель, Плиний, Геродот, Страбон ж. б.) жер титирөө, жанар тоолордун атылуу ж-а дарыя нуктарынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болушун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Г. илим катары туӊгуч ирет о. кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни ж-а Ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. Алар айрым минералдарга, асыл ж-а кооз таштарга, кээ бир геол. тулкулар м-н кубулуштарга ил. мүнөздөмө беришкен. Европада тарыхый Г-га тиешелүү маалыматтар 16–17-к-да Леонардо да Винчинин, Ж. Фракасторонун, Н. Стенонун эмгектеринде кездешет. Жазма ад-тта «Г.» деген сөздү алгачкы жолу немис епископу Р. де Бьюри 1473-ж. Кельн ш-нда чыккан «Philobiblon» («Китептерге ышкы») аттуу китебинде азыркы түшүнүктөн таптакыр башкача диний мааниде пайдаланган. «Г.» терминин алгач 1603-ж. итал. натуралист У. Альдрованди «теология» терминине карама-каршы, табиятка байланыштырып (зоология ж-а ботаника), «жер илими» – деген терминди колдонгон. Азыркы учурдагы түшүнүккө жакындашкан мааниде «Г.» терминин 1657-ж. Норвегиялык окумуштуу М. П. Эшольт колдонгон. 17-кдан 18-к-дын 1-жарымына чейин «Г.» термининин ордуна «минералогия» ж-а «ориктогнозия» терминдери, 18-к-дын аяк ченинен 19-к-дын ортосуна чейин Германияда, Россияда (1920-ж. чейин), Англияда «геогнозия» деген термин колдонулуп келген. 18-к-дын 2-жарымынан табият таануу илимдеринин бир тармагы катары Г. өз алдынча бөлүнө баштаган. Ушул мезгилде айрым тоо тектердин келип чыгышы ж-дө ил. түшүнүктөр пайда болуп, геол. кубулуштарды байкоо жолдору иштелип чыгып, көптөгөн материалдар топтолгон. 18-к-дын ортосунда адегенде кичирээк, кийин чоӊ-чоӊ аймактардын геол. карталары (литологиялык-петрографиялык) түзүлө баштайт. 18-к-дын аягы – 19-кдын башында тоо тек катмарларынан табылуучу ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө м-н жер кыртышынын салыштырмалуу жашын аныктоо мүмкүндүгү айкын болот. Ушундан баштап Г. биротоло өз алдынча илимге айланат. 19-к-дын аягында Жердин тарыхы ж-а сырткы түзүлүшү жалпысынан ил. жактан далилденген. 20-к-дын башталышында жер кыртышынын курамын, түзүлүшүн изилдөө жолдору калыптанып, Г-нын бардык тармактарынын өнүгүшү байкалат.
Г. жалпысынан бири-бири м-н тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт. 1) Жер кыртышы м-н литосферанын заттык түзүлүшүн (структурасын) изилдөөчү тармакка төмөнкүлөр кирет: минералогия – табиятта кездешүүчү туруктуу хим. бирикмелердин (минералдардын) курамы, касиеттери, түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү ж-а закон ченемдүүлүктөрү, о. эле пайда болушу ж-а табигый шартта өзгөрүшү ж-дөгү илим; петрография – тоо тектердин минералдык ж-а хим. курамын, түзүлүшүн, физ. касиеттин пайда болушун, өзгөрүшүн изилдөөчү илим; кристаллография – минералдар ж-а алтын, платина, алмаз сыяктуу табиятта таза элемент түрүндө таралган кристаллдык заттардын сырткы формасы м-н ички түзүлүшүн изилдөөчү илим; литология – чөкмө тоо тектердин ж-а учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык курамы, түзүлүшү, таралуу закон ченеми, пайда болуу шарты, өзгөрүшү тууралуу илим.
2) Геол. процесстер м-н кубулуштарды (динамикалык Г.) изилдөөчү тармакка жер кыртышынын козголушун, анын себебинен болуучу геол. түзүлүштөрдү изилдөөчү илим – тектоника кирет. Тектониканын бир тармагы – г е о т е к т о н и к а. Ал Жердин ири структураларын (материктер м-н океандар) изилдейт, ал эми неоген-антропоген мезгилиндеги жер кыймылын изилдөөчү тармагы – н е о т е к т о н и к а деп аталат. Жанар тоолордун пайда болуу ж-а атылуу процесстерин, алардан чыккан магма, жанар тоо тектери ысык суулары м-н газдардын курамын, жер бетине таралуу закон ченемин ж.б. кубулуштарын изилдөөнү вулканология илими жүргүзөт, ал эми сейсмология – жер титирөөлөрдү ж-а ага байланыштуу геол. процесстерди изилдейт ж-а алардан алынган маалыматтар б-ча жер титирөөгө кооптуу аймактарды аныктайт. Структуралык Г. – геол. тулкулардын, тоо тек катмарларынын жайгашышын, алардын бүктөлүшүн, тектон. жаракалар м-н тилкеленишин аныктоочу илим.
3) Жердин чөкмө катмарларындагы сакталып калган калдыктардын негизинде геол. тарыхын ж-а анын ырааттуулугун, орг. дүйнөнүн эволюциясын изилдөөчү тармак – тарыхый Г. Бул топко төмөнкүлөр кирет: стратиграфия жердин чөкмө тоо тек катмарларынын ырааттуулугун, салыштырмалуу геол. жашын аныктайт, палеогеография геол. маалыматтардын негизинде өткөн Г-лык мезгилдердин физ.-геогр. шарттарын изилдейт; палеонтология – байыркы өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын ташка айланган калдыктары аркылуу өткөн Г-лык мезгилдердеги тиричиликти изилдейт.
Г-нын эл чарба керектөөсүнө түздөн-түз байланыштуу тармагына (колдонмо Г.) төмөнкүлөр кирет: кен байлыктар – материалдык өндүрүш чөйрөсүндө натыйжалуу пайдаланууга боло турган жер кыртышындагы минералдык заттар ж-дөгү илим; гидрогеология – жер астындагы суулар тууралуу илим; инженердик геология ар түрлүү ири курулуштар м-н имараттарды тургузууга байланыштуу кыртыштын физ.-мех. касиеттерин аныктайт.
Г. илиминин системасында жер бетинин ири аймактарынын геол. картасын түзүп, аларга жалпы баа берүү максатында жүргүзүлгөн аймактык Г. м-н океан-деӊиз түптөрүнөн кен байлыктарды издөөгө ж-а изилдөөгө арналган деӊиз Г-сы да орчундуу орун ээлейт. Г. башка табият таануу илимдери м-н тыгыз байланышта өнүгүп келет. Айрыкча химия ж-а физика илимдеринин закон ченемдерин, ыкмаларын кеӊири пайдалануунун натыйжасында Г-нын геохимия ж-а геофизика сыяктуу тармактары пайда болуп, о. эле Г. астрономия, география, геодезия, биология, тоо-кен иштери м-н байланышта өнүгүүдө. Учурда Г. илимине теор. ж-а практикалык изилдөө жүргүзүүдө физ., матем. ыкмалар ж-а заманбап компьютердик моделдештирүүлөр, технологиялар (географиялык маалымат системасы) кеӊири пайдаланылууда. Геол. изилдөөлөрдү бүткүл Жер шары б-ча уюштуруп, белгилүү бир багытта жүргүзүү, Г-нын эӊ негизги көйгөйлөрүн талкуулоо маселелерин 1875-ж. негизделген Эл аралык геологиялык конгресс
ишке ашырат. Кырг-ндын Г-сын ил. Жактан изилдөөнү КР УИАнын Геология ж-а Сейсмология ин-ттары, ал эми кен байлыктарын издөө ж-а геол. чалгындоо жумуштарын КР Геология ж-а минералдык ресурстар агенттиги жүргүзүп келет.
Ад.: История геологии. М., 1973; Горшков Г. П. Якушова А. Ф. Общая геология. 3 изд. М., 1973; Геологический словарь. Т. 1–2, М., 1973; Мильничук В. С., Арабаджи М. Г. Общая геология. М., 1979; Ершов В. В., Новиков А. А., Попов Г. Б. Основы геологии, М., 1986; Геология (кыскача энциклопедия). Б., 1998; Осмонбетов К. ж. б. Кыргызстандын кен байлыгы. Б., 2004; Сатыкеев Ж. Жалпы геология. Б., 2004 (авторлош); Хаин В. Е., Рябухин А. Г. История и методология геологических наук. 2-е изд. М., 2004.