ГЕОТЕРМИЯЛЫК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕРМИЯЛЫК ЭЛЕ́КТР СТА́НЦИЯ — жер астындагы ысык булактардын жылуулук энергиясын электр энергиясына айландыруучу ж-а жылуулук м-н камсыз кылууга пайдалануучу курулуштар м-н жабдуулар комплекси. Г. э. с-на генераторлор, буу турбиналары жайгашкан машина залы, турбиналардын конденсаторлорун муздатып туруучу суу жабдуусунун тех. системалары, жер астындагы буу м-н сууну тышка чыгаруучу бургулоо көзөнөктөрү ж-а жогорку вольттуу электр-тех. жабдуулар кирет. Жер астындагы ысык суу м-н буунун аралашмасы сепараторго (ысык сууну буудан бөлүүчү аппарат) алып келинет. Мындан бөлүнүп чыккан буу генераторду айландыруучу турбинага жиберилип, ысык суу жылуулук м-н жабдуу системасына жөнөтүлөт. Жер астындагы суунун темп-расы 200°Сна чейин жетип, айрымдары андан да жогору болот. Ошондуктан мында атайын бургулоо жабдуулары колдонулуп, көзөнөктүн өзөгү муздак ылай м-н суутулуп турат. Г. э. с-н курууда дат баспас металлдар — аллюминий, анын куймалары ж-а жер титирөөгө туруктуу констрлар пайдаланылат.