ГЕОХИМИЯЛЫК КЕН ИЗДӨӨ ЫКМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОХИМИЯЛЫК КЕН ИЗДӨӨ ЫКМАЛАРЫ — Жердин литосфера, гидросфера, атм-ра ж-а биосфера кабаттарында хим. элементтердин таралуу закон ченемин изилдөөнүн негизинде кен табуу жолдору. Бул ыкмалар аркылуу адегенде белгилүү бир жердеги тоо тектеги, топурактагы, табигат сууларындагы, жерге чектеш атм-радагы ж-а өсүмдүктөрдөгү хим. элементтердин өлчөмү, б. а. жерг. геохим. фон (Сф) аныкталат. Гeохим. фон жер кыртышындагы элементтердин кларкына чамалаш же андан арбын болушу мүмкүн. Кенге жакын аймакта хим. элементтердин өлчөмү геохим. фондон аз же көп болуп өзгөрөт. Ал г е о х и м и я л ы к а н о м а л и я (C0) деп аталат. Геохим. аномалия аймакта кен бар экенин түздөн-түз көрсөтөт. Алар ысык эриндилер аркылуу кен пайда болгон кезде ж-а андан кийин экзоген процесстеринин таасиринен кенташ түзүүчү негизги ж-а кошумча элементтер айланадагы тоо тектерге өтүп, чачырап которулушунан (миграциядан) келип чыккан. Геохим. аномалияларды аныктоо үчүн изилденүүчү аймактан системалуу түрдө ар түрдүү сынактар алынат. Айрым элементтер сынаксыз эле приборлор м-н аныкталып, автоматтык, түрдө жазылып турат (радиометр, бериллометр). Г. к. и. ы-нын негизгилери: 1) л и т о х и м и я л ы к ы к м а – тоо тек ж-а алардын күкүмдөрүнөн текши сынак алуу, алардагы элементтерди аныктоо м-н аномалияларды табуу; 2) г и д р о х и м и я л ы к ы к м а – жер астындагы ж-а үстүндөгү суулардын курамындагы хим. элементерди, эриген минерал заттарды, иондорду, газдарды, рH ж. б. аныктоо аркылуу гидрохим. аномалияларды табуу; 3) б и о х и м и я л ы к ы к м а – белгилүү өсүмдүктөрдү текшерип, өрттөп, күлүн анализдөө м-н аномалияларды ачуу; 4) а т м о г е о х и м и я же г а з ы к м а с ы атм-ранын жерге чектеш кабатындагы ж-а топурак кыртышындагы абанын курамынан айрым газдарды изилдөө ж-а алардын өлчөмүн аныктоо м-н кен табуу. Алынган сынактардан керектүү элементтердин өлчөмү спектр анализи ж. б. аркылуу аныкталып, алар матем. жолдор м-н иштелип чыгат. Натыйжада аймактын геохимиялык карталары, диаграммалар, профилдер түзүлүп, андагы чачыроонун ореолдору ж-а aгымдapы (геохим. аномалиялар) белгиленет. Алар казынды ж-а бургулоо жумуштары м-н текшерилет. Геохим. ыкмалар алгачкы жолу СССРде (l932-жылдан) колдонула баштаган. Анын теориялык ж-а практикалык негизи сов. геологдор В. И. Вернадский,
А. Е. Ферсман, А. П. Виноградов, А. А. Сауков, В. А. Соколов, Н. И. Сафронов, И. И. Гинзбург, А. П. Соловов тарабынан иштетилип чыккан. Аталган ыкмалар Кырг-нда кеӊири колдонулуп, алардын жардамы м-н көптөгөн кендер ачылган.
Ад.: Сауков А. А. Геохимические методы поисков месторождений полезных ископаемыx. М., 1963; Сафронов Н. И. Основы геохимических методов поисков рудных месторождений. Л., 1971; Справочник по геохимическим поискам полезных ископаемых/Под ред. А. П. Соловова. М., 1990; Соловов А. П. Геохимические методы поисков месторождений полезных
ископаемых. М., 1985.