ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – айлана-чөйрөгө анализ жүргүзүүгө, алдын ала божомолдоого, о. эле башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган аппараттык-программалык комплекс. Ал өзүнө маалымат чогултуу, топтоо, кайра иштеп чыгуу, жаӊылоо ж-а мейкиндик б-ча багытын аныктап жайылтуу иштерин камтыйт. Г. м. с. 1993-ж. Россияда түзүлгөн. Келечекте айлана-чөйрө ж-а табигый ресурстары б-ча Эл аралык бирдиктүү маалымат системасын түзүү каралууда. БУУнун айлана-чөйрө б-ча программасынын негизинде Г. м. с-н «Global Resourse Information Database» концепциясы түзүлгөн. Г. м. с-нын түзүүнүн негизги концепцияларына төмөнкүлөр кирет: аймактын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу м-н маалыматтарды чогултуу ж-а алмашуу б-ча бирдиктүү технологияны колдонуу; аппараттык-программалык каражаттарды бир түргө келтирүү; долбоорлук ж-а көзөмөлдүк документтер системасы м-н иштелип чыккан маалымат жыйынтыктарынын шайкештиги, программалык каражаттардын вариобелдүүлүгү ж-а ачыктыгы. Г. м. с-нын технологиясы методологияны, алгоритмдерди ж-а аспаптык чөйрөнү (аппараттык программалык комплексти) камтыйт.
Б. Үсөнканов.