ГЕРАЛЬДИКА
ГЕРА́ЛЬДИКА (соӊку лат. heralddus – жарчы), г е р б т а а н у у – 1) 13 – 19-к-дын 1-жарымына чейин Европада рыцарлар, дворяндар, цехтер ж. б. үчүн гербдерди иштеп чыгуу, түзүү. О. кылымдарда жарчылар рыцарлардын турнирге катышуу укугун далилдөөчү гербин жарыялоо салтынан улам келип чыккан. Кийинчерээк Г. мамл. мааниге ээ болгон: гербдерди берүү ж-а бекитүү королго гана тиешелүү болуп, гербге ээлик кылууга укук берүүчү атайын мыйзамдар (герб грамотасы) иштелип чыккан. Европа королдорунун сарайларында гербдердин кимге таандык экендигин аныктаган, аларды чогулткан ж-а жаӊы гербдерди жасаган атайын дайындалган адамдар – герольддор болгон. Кийин алар герольдмейстер жетектеген Герольдия мекемелерине бириктирилген. Король тарабынан бекитилбеген гербдер пайдаланылса, айып салынган. Учурда Англияда жаӊы шайланган пэрлердин (парламент мүчөлөрү) тегин тактоо ж-а аларга таандык жеке гербдерди иштеп чыгуучу Г. палатасы бар. 2) 19-к-дын 2-жарымынан Г. тарых илиминин гербдерди изилдөөчү көмөкчү тармагы катары калыптанган. Жалпы эле гербдерди (өзгөчө тамгалары м-н белгилерин) изилдеп, аларды тарыхый дарек (булак) катары пайдаланат. Г. генеалогия, нумизматика, археология, палеография, сфагристика (мөөр) м-н тыгыз байланыштуу. Европада 1-жолу Берлинде 1706-ж. Г. кафедрасы ачылган.
Ад.: Геральдика: материалы и исследования. Л., 1987.