ГЕРАСИМОВ Михаил Михайлович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРА́СИМОВ Михаил Михайлович [2 (15). 9. 1907, Петербург – 21. 7. 1970, Москва] – орус окумуштуусу, антрополог-скульптор, археолог, тарых илимд. доктору (1956). СССР ИАнын Этнография ин-тунда пластикалык жол м-н ка-

М. М. Герасимов иш үстүндө. Рудакинин келбетин
түзүп, калыбына келтирүүдө. 1950.

лыбына келтирүү лабор-сынын башчысы (1950–70) болуп иштеген. Ал адамдын баш сөөгү б-ча анын бет түзүлүшүн калыбына келтирүү методун негиздеген. 100дөн ашык байыркы адамдардын (австралопитек, питекантроп, синантроп), кейпин, о. эле 20дан ашык тарыхый ишмерлердин (Ярослав Мудрый, Тимур, Улугбек, Иван Грозный), О. Азиядагы Тешик-Таш үӊкүрүнөн табылган неандерталдыктын, андрон, кеӊкол мад-ттарынын өкүлдөрүнүн, согдулуктун, ак сөөк скифтин ж. б-дын келбетин түзүп, калыбына келтирген. Жогорку палеолит дооруна таандык Мальта турак жайын ачкан ж-а изилдеген. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1950). «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Мальта – палеолитическая стоянка. Иркутск, 1931; Восстановление лица по черепу. М., 1955; Опыт воспроизведение документального портрета по скелету из Панджруда. Душ., 1958; Люди каменного века. М., 1964.