БРЮХОНЕНКО Сергей Сергеевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЮХОНЕ́НКО Сергей Сергеевич [30. 4 (12. 5). 1890, Козлов, азыркы Мичуринск – 20. 4. 1960, Москва] – физиолог, медицина илимд. доктору (1935). Москва ун-тинин медицина ф-тин (1914) бүтүргөн. Борб. кан куюу ж-а гематология ин-тунун эксперименттик терапия лабор-сынын (1931–35) башчысы, 1935-жылдан өзү уюштурган Эксперименттик физиология ж-а терапия ин-тун жетектеген. Эксперименттик биология ж-а медицина ИИИнин Сибирдеги филиалында жасалма кан айландыруу лабор-сынын башчысы (1958–60). Б. 1920–24-ж. жасалма кан айлануу методун ачып, дүйнөдө 1-кан айландыруу аппаратын ойлоп тапкан. Бул аппарат клиникалык өлүмдөгү итти тирилтүүгө пайдаланылган. 1945–51-ж. Б-нун методу б-ча кишини тирилтүү иш жүзөгө ашырылган. Б-го 1965-ж. (өлгөндөн кийин) Лениндик сыйл. ыйгарылган.