БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ
БУГУ МЕНЕН САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ – 1855–60-ж. Түн. Кырг-ндагы саясий окуя. Чабыш бугу ж-а сарыбагыш урууларынын өз ара жер ж-а бийлик үчүн күрөшүнӨн улам чыккан. Жаӊжалдын негизги себеби бугу уруусунун Ормон хандын бийлигинен чыгып, 1855-ж. Россия букаралыгына өтүүсү болгон. Ага Ормондун айылында (Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Ак-Суу деген жерде) өткөрүлгөн ордо оюну шылтоо болгон. Бугу уруусунун төбөлү Боромбайдын оюнчусу Чыйбыл оюнду утуш м-н бүтүп, бугулар тогуз бээден турган байгени жеӊип алышкан. Сарыбагыштын оюнчусу Алыбек атайлап жеӊилип калган. Ормон хандын жазасынан чочулаган Алыбек бугу уруусуна көчө качат. Ушунун баарын шылтоолоп Ормон хан 1855-ж. апрель айынын аягында аскерлери м-н жортуулга аттанып, Шаты суусунун боюндагы чабышта катуу жарадар болгон. Аскерлеринин алдыӊкы чакан бөлүгүнүн бир даары туткунга түшүп, калгандары качып кутулат. Ормон бугуларга колго түшүп, ал бугулардын колунда каза болгон. Анын куну үчүн сарыбагыш жортуулдары башталат. Боромбай бир катар уругу м-н Каркыра ж-а Текес жакка чегинүүгө аргасыз болгон. Орус бийликтерине Боромбай чатакты басуу үчүн өз элчилерин жиберип жардам сураган. Түн. кыргыздардын Россияга бириктирилгенине байланыштуу уруу арасындагы чыр-чатактар 1860-ж. негизинен тынчыган. Орус бийликтерине баш ийбеген Үмөтаалы өзүнүн сарыбагыш уруусу м-н 1864-ж. Чатыр-Көл тарапка көчө качкан. 1867-ж. ал да Россиянын букаралыгына өткөн.