БУЙРУК СҮЙЛӨМ
БУЙРУК СҮЙЛӨМ – бир нерсени аткарууга карата айтуучунун талабын билдирүүчү сүйлөм (мис., Жакшылыгыӊды аябай, жардам берип кой! Китебиӊди ала кел!). Б. с. структуралык-граммат. жактан ар түрдүү келип, анын структурасын түзүүчү негизги элементи болуп баяндооч (этиштик баяндооч) эсептелет да, буйрук маанини буйрук ыӊгайдагы этиш туюндурат.