БУЛЬДЕНЕЖ
БУЛЬДЕНЕ́Ж (фр. boule de neige – тоголок кар) – ӨсүмдүктӨрдүн шилбилер тукумуна кирүүчү калинанын бир түрү. Бийикт. 3–4 мге жетет. Гүлү аппак, шарга окшоп кооз болот. Апрелдин аягында гүлдөп, май – июнда гүлү күбүлөт. Жашылдандыруу максатында өстүрүлөт. Б. нымдуу ж-а салкын жерде жакшы өсөт.