БУРГАС
БУРГА́С – Болгариянын чыгышындагы шаар. Бургас обл-нун адм. борбору. Калкы 196,5 миӊ (2006). Кара деӊиздеги Бургас булуӊунун жээгинде жайгашкан. Өлкөдөгү ири деӊиз порту (2004-ж. 12,4 млн т жүк ташылган). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар катары 17-к-дан белгилүү. 1903-жылдан порт. Шаардын борб. бөлүгүндө 19–20-к-дын арх-ра эстеликтери (Ыйык Кирилл ж-а Мефодий кафедралуу собору, бир топ чиркөө), Мандрен көлүнүн жээгинде о. кылымдагы чептердин калдыктары сакталган. Балык өнөр жайы ил.-из. ин-ту, ун-т, музейлер, сүрөт галереясы, акын Пети Дубарованын үй музейи, китепканалар, театрлар, филармония иштейт. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (театр, белгилүү ырлар), көркөм гимнастика б-ча эл аралык турнир («Гран при» сериясы) өткөрүлөт. Нефть ажыратуучу «ЛукойлНефтохим» (СССРдин жардамы м-н 1963-ж. курулган; 1999-жылдан россиялык «Лукойл» компаниясына өткөн), кеме ремонттоочу, жеӊил ж-а тамак-аш өнөр жайлары бар. Вагондор, кабель, үйлөгүчтөр, хим. каражаттар, курулуш материалдары, канцелярия товарлары чыгарылат. Б-тан 15 км түн.-батышта бальнеологиялык-баткак курорту, шаарга жакын токой парктары ж-а табият резерваттары, Айтос Фракия тургун жайынын калдыктары (5–6-к.), Ыйык Анастасия а-нда Византия монастыры бар. Шаардын аймагындагы деӊиз климаттык курорттору: Ахтопол, Несебыр, Поморие, Созопол, Күнөстүү Жээк.