БУРГУЛОО-ЖАРДЫРУУ ЖУМУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО-ЖАРДЫРУУ ЖУМУШТАРЫ – шахтада, карьерде ж-а тоокен иштеринде бургуланып алынуучу казмаларга жарылуучу заттарды салып, аларды жардырып, чулу тектерди майдалап талкалоо. Дүрмөттөрдү жайгаштыруу, алардын формасы ж-а чоӊдугу б-ча Б.-ж. ж. шпурдук, казанбак дүрмөт, кичине камералык жардыруулар, колонкалуу (узун) ж-а камералык ачык дүрмөттүк иштетүү деп бөлүнөт. Жардырылуучу чөйрөдө шпур бургуланат. Ага патрондолгон жарылуучу заттар жайгаштырылат да, бош калган бөлүгү ылай же кум м-н толтурулат. Дүрмөттөр от же электр тогу м-н жардырылат. Жер үстүндө ж-а жер астында шпурдун түп жагындагы дүрмөттөрдү бир же бир нече жолу жардыруудан казанбак деп аталуучу камера пайда болот да, зарыл учурда дүрмөттөлүп, жардыруу мурдагы тартип б-ча жүргүзүлөт. Жер үстүндө массалык уратуулар, жардыруулар ж-а жер астында чоӊ боштуктарды жоюу иштери көп өлчөмдөгү жарылуучу заттарды пайдалануу м-н жүргүзүлөт.
Ад.: Иманалиев А. И., Абдыкадыров А. И. Жардыруу иштери. Б., 2001.