БУРГУЛОО КАРЕТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО КАРЕТАСЫ – шпурларды ж-а көзөнөктөрдү (скважиналарды) мех. Бургулоо үчүн пайдаланылуучу жылып жүрмө курулма. Горизонтал ж-а жантайыӊкы тоокен казылмаларында – өзү жүрмө, тике өзөк казылмаларда – асма Б. к. колдонулат. Ө з ү ж ү р м ө Б. к. – пневматикалык, дөӊгөлөк, жүрүүчү рельс же казтамандуу платформа; ага бир же бир нече гидравликалык, чанда автоподатчиктүү буралма манипулятор бекитилип орнотулган. Кээ бир Б. к. чатырлуу кабина ж-а башкаруу пульту м-н жабдылат. Иш учурунда Б. к. рельске бекитилет же гидродомкрат м-н кармалат. Өзү жүрмө кен казуучу Б. к. тоокен казылмасын өткөөлдөөдө ж-а кен казып алуу иштеринде пайдаланылат. Казылмадагы бургулоодо ж-а бийик үӊүмө казмаларда мунаралуу Б. к. колдонулат. А с м а Б. к. – забойдо домкрат м-н бекитилип, манипулятор, автоподатчик ж-а бургулоо балкасы орнотулган бүктөлмө алкак забойду бургулоодон кийин алкак асылма текчеге көтөрүлөт. Б. к-нда узак жүрүштүү, зым ар

Забойдогу бургулоо каретасы.

Кан-поршендүү, чынжырлуу же винттүү податчиктер колдонулуп, 2,5–3,5 мге же андан да тереӊ бургулоого мүмкүндүк түзүлөт. Забойдогу Б. к-на электр-энергия кабель, суу ж-а кысылган аба шланг аркылуу берилет.