ВАВИЛОВ Сергей Иванович
ВАВ́ИЛОВ Сергей Иванович [12(24).3.1891, Москва – 25.1.1951, ошол эле жер] – орус физиги, мамл. ж-а коомдук ишмер, СССР ИАнын академиги (1932; корр. мүчө, 1931). 1914-ж. Москва ун-тин бүткөн. 1914–18-ж. аскер кызматында. 1918–32-ж. ММУда иштеген (1929-жылдан проф.). 1918–30-ж. Физика ж-а биофизика ин-тунун Физ. оптика бөлүмүнүн башчысы. 1932-жылдан СССР ИАнын Физика ин-тунун директору. 1932–45-ж. Мамл. оптика ин-тунун ил. жетекчиси. 1945–51-ж. СССР
ИАнын президенти. В. физ. оптиканы, айрыкча люминесценциянын табиятын изилдеп, люминесценциялоочу эритмелердин теориясын түзгөн ж-а анын кээ бир закондорун ачкан. Бүткүл союздун ил. билимдерди таратуу коомунун алгачкы жетекчиси (1947-жылдан) ж-а БСЭнин (Большая Советская Энциклопедия) 2-басылышынын башкы редактору (1949–51). СССР Жогорку Советинин (2–3-шайланышы) депутаты. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1946, 1951, 1952; акыркы экөө өлгөндөн кийин ыйгарылган). Эки Ленин, Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган. В-дун ысмы Санкт-Петербургдагы мамл. оптика ин-туна коюлган. 1951-ж. В. атн. Алтын медаль белгиленген. Эмг. Собр. соч. Т. 1–4. М., 1952–1954.