БУРДЕНКО Николай Нилович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРДЕНКО Николай Нилович [22. 5 (3. 6). 1876, азыркы Пенза обл., Каменка кыш. – 11. 11. 1946, Москва] – орус хирургу, нейрохирургияга негиз салуучулардын бири, СССР ИАнын академиги (1939), СССР МИАнын академиги ж-а биринчи президенти (1944–46), аскердик медицина кызматынын генерал-полковниги, Соц. Эмг. Баатыры (1943). СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1941). 1906-ж. Юрьев (азыр Тарту) ун-тин бүтүргөн, 1910-жылдан ошол эле ун-тте проф., Воронеж (1918) ж-а Москва (1932) ун-ттеринин мед. ф-тинде проф. 1929-жылдан нейрохирургия клиникасынын директору. 1937-жылдан Сов. Армиянын башкы хирург-консультанты. Б. борб. ж-а четки нерв системасынын хирургиясын клиникалык практикага биринчи киргизген; шоктун пайда болуу себебин ж-а дарылоо жолдорун изилдеген; жүлүнгө операция кылууну сунуш кылган. Борб. ж-а вегетативдик нерв системасынын онкологиясы, мээнин кан айлануусу ж. б. б-ча да баалуу идеяларды айткан. Ал нейрохирургдардын бөтөнчө мектебин түзгөн ж-а сов. саламаттык сактоо ишин уюштурууга активдүү катышкан. Үч Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Борб. нейрохирургия ин-туна ысмы берилген, нейрохирургия ж-а аскердик-талаа хирургиясы б-ча мыкты иштерге ыйгарылуучу Н. Н. Бурденко атн. сыйлык белгиленген.
Ад.: Багдасарьян С. М. Николай Нилович Бурденко. М., 1954.