БУРКСЕР Гаврилл Владимирович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́РКСЕР Гаврилл Владимирович (31. 10. 1903, Украина, Александрия ш. – 15. 6. 1979, Фрунзе) – зоогигиенист, ветеринария илимд. доктору (1953), проф. (1959), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1974), 1927-ж. Харьков ветеринария ин-тун бүткөн. 1928–29-ж. вет. врач, 1929–34-ж. Жер иштер эл комиссариатында ветеринария башкармасынын башчысы. 1934–42-ж. ветеринария ИИИнин директорунун орун басары. 1942–46-ж. Сов. Армияда (атчандар дивизиясынын ветеринария башкармасынын башчысы). 1946–50-ж. Өзбекстан мал чарба ИИИнин директорунун орун басары. 1951-жылдан К. И. Скрябин атн. КАЧИде кафедра башчысы. Малды тоюттандырууда синтездик азоту бар элементтерди, тоют рационунда жетишпеген сиӊимдүү протеинди колдонуу жолун ж. б. изилдеген. Анын 200дөн ашык ил. эмгектери жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ж. б. ордендер м-н сыйланган.
Эмг.: Карбамид в кормлении сельскохозяйственных животных в Киргизии. Ф., 1971.