БУРЯТИЯ
БУРЯ́ТИЯ , Б у р я т Р е с п у б л и к а с ы Россия Федерациясынын курамында. Чыгыш Сибирдин түштүгүндө (Сибирь Федерация округу), Байкал көлүнүн чыгышында жайгашкан. Аянты 351,3 миӊ км2. Калкы 1,1 млн (2020). Адм.-айм. жактан 21 районго бөлүнөт. О. эле 6 шаары, 21 шаарчасы бар. Борбору – Улан-Удэ шаары.

Б. – тоолуу өлкө. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Забайкалье, о. эле Чыгыш Сибирдин түш. бөлүгү ээлейт. Рельефине жараша 4кө бөлүнөт: орто бийиктиктеги Селенга тоосу (бийикт. 1200–1700 м), Чыгыш Саян (эӊ бийик жери – Мунку-Сардык, 3491 м), Байкал тоолуу обл. (бийикт. 2000–2500 мге жеткен Хамар-Дабан, Улан-Бургасы, Бургуза, Байкал тоолору), Витим бөксө тоосу (1000–1200 м). Климаты кескин континенттик. Кышы узак, суук, кар аз жаайт. Табигый шарты калктын жашоосуна анча жагымдуу эмес. Январдын орт. темп-расы –18...–22°С, июлдуку 10–14°С. Жылдык жаан-чачыны 400–500 мм. Ири дарыялары: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара, Витим (Ленанын куймасы), Иркутск. Байкал көлүнө куюшат. Негизинен күл топурак басымдуу. Талаа ж-а токойлуу талааларында күрөӊ, кызгылт топурак өөрчүгөн. Аймагынын 4/5үн токой каптап жатат. Забайкалье, Тункин улуттук парктары, Баргуза, Байкал, Жерге коруктары бар.
Калкынын негизин орустар (67,8%), буряттар (27,8%) түзөт. О. эле украин, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 57%. Ири шаарлары: Улан-Удэ, Кяхта, Гусиноозерск, Закаменск.
Б-нын аймагында адамдар байыркы таш доорунан эле жашагандыгы белгилүү. Б. з. 3-к-нан 11-к-га чейин Б-ны байыркы хунн, уйгур, эвенк көчмөн уруулары мекендеген. 13-к-дын башында Байкал аймагында монгол тилдүү буряттар, эвенктер жашаган. Алар негизинен мал чарбасы, аӊчылык м-н кесиптенишкен. Болжол м-н 17-к-дын аягында бурят элинин калыптануусу аяктаган. 17-к-дын башында Б-нын аймагына алгачкы казак-орус отряддары келген ж-а алар өзүлөрүнүн таяныч пункттары – острогдорду кура башташкан. Алардын айланасында Россиянын борб. райондорунан келген орус дыйкандары, өнөр жайчылар отурукташа баштаган. 17-к-дын ортосунда Б. Россиянын курамына толук кирген. Улуттук, крепостнойлук эзүүнүн күчөшү 1658-, 1696-ж. көтөрүлүштөрдүн келип чыгышын шарттаган. «Бөтөн элдерди башкаруу уставына» (1822) талаа думалары негизделип, алардын башында жерг. администрация башчылары – тайшалар турган. 18–19-к-да шаманизм м-н катар эле православие ж-а буддизм (ламаизм) диндери тарала баштайт. 19-кдын аягы – 20-к-дын башында Б-да адм.-аймактык реформа жүргүзүлгөн. Колониялык фонддун эсебине иркут буряттарынын жеринин 53%ин, Байкал боюндагылардын 36%ин тартып алышкан. Жерг. элдердин нааразычылыгынын күчөшүн токтотуу үчүн 1904-ж. аймакка согуштук абал киргизилген. 1914–18-ж. миӊдеген буряттар согушка чакырылып, тылдык эмгектерге тартылган. 1918–19-ж. япондук ж-а амер. интервенттер басып алган. 1921-ж. 27-апрелде ж-а 1922-ж. 9-январда Бурят-Монгол ж-а Монгол-Бурят Автономия обл-тары түзүлгөн. Алар 1923-ж. 30-майда Бурят-Монгол Автономия обл-на биригишип, РСФСРдин курамына киришкен. 1958-ж. Бурят АССРи болуп түзүлгөн. 1990-жылдан суверендүүлүгү ж-дө декларация кабыл алынып, 1992-жылдан Бурят Респ. деп аталат.
Улуу Сибирь магистралынын курулушу (Транссибирь магистралы; 1891–1916) Б-да өнөр жайынын өсүшүнө чоӊ таасирин тийгизген. Өнөр жайынын башкы тармактары: тоо кен казуу, машина куруу (авиация, локомотив ж-а вагон ремонттоо, электр машиналарын куруу з-ддору ж. б.), металл иштетүү, токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, курулуш материалдар, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы. Күрөӊ көмүр, графит, вольфрам, молибден (казылып, иштетилет), апатит казылып алынат. Гусиноозерск ГРЭСи иштейт. Бодо мал, кой (кылчык жүндүү), чочко асыралып, үй куштары багылат. Дан эгиндери (негизинен буудай) ж-а тоют өсүмдүктөрү эгилип, картошка, жашылча айдалат. Куну чарбасы, жапайы айбандарды асыроо өнүккөн. Байкал көлүндө, Селенга, Баргуза д-нда кеме жүрөт. Курорттору: Аршан, Горячинск, Нилова Пустынь ж. б. Россия ИАнын Сибирь бөлүгүнүн курамында Бурят, 15 ЖОЖ (филиалдары м-н ил. борбору), китепканалар, край таануу ж-а сүрөт музейлери, драма, опера ж-а балет театрлары иштейт.
Ад.: Бурятия: Природные ресурсы. Улан-Уде, 1997; Санжиев Г. Л., Санжиева Е. Г. Бурятия. История (XVII–XIX вв). Улан-Уде, 1999; Историко-культурный атлас Бурятии. М., 2001; Структура и функционирование экосистем Байкалского региона. Улан-Уде, 2003; Атлас Республики Бурятия. Улан-Удэ, 2005.
Р. Карачалова, А. Орозов.