БУТАК МУРУТ РАКТАР
БУТАК МУРУТ РАКТАР (Cladocera) – жалбырак буттуулар түркүмүнүн рак сымалдар түркүмчөсү. Уз. 1 ммден кемирээк, кээде 5 ммге чейин жетет. Денеси анча тунук эмес кош капкалуу карапакска бекиген. Башы ылдый караган тумшугуна өтөт. Фасеттүү көзү бар. Чоӊ эмес антенналары абдан узун кыл сымал, сүзгөнгө жардам берет. Көкүрөк буттары көпчүлүгүндө чыпка милдетин аткарат. Боорунун аягында 2 тырмагы бар. Алардын 380дей түрү бардык жерде, тузсуз көлмөлөрдө кезигет, деӊизде жашоочу түрү аз, тропик токойлорунда мамык чөптө жашагандары да белгилүү. Көбү детрит, бактериялар, бир клеткалуулар м-н азыктанышат, жырткычтары да бар. Айрымдары балыктарга жакшы азык. Балык з-ддорунда мекире сымалдарга ж-а лососторго атайын тоют катары өстүрүлөт.