БУТАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТА́РА (лат. butarium – челек) – барабандуу калбыр. Чачыранды кендерде алтынды, касситеритти ж. б. жууп иргөө үчүн байыртадан колдонулуп келген прибор, курулма. Алгач жыгачтан жасалып, кийин металл констр-лары пайдаланылган. Тегеренип турган барабаны цилиндр же конус сымал болот. Анын түзүмү толтурулуучу воронкадан, жантык калбырдан, жуугуч шлюздан турат. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 1–3 жумушчу иштегенде: кол Б. – 0,8 м3/саат, ат кошулган Б. – 4 м3/ саатка чейин.