БУУГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУГАН , К ө т м а л д ы – Кочкор (Чүй) суусунун Ысык-Көлдү көздөй кеткен айрыгы, салаасы; эски нук, сай. Балыкчы ш-нын түш.-батышында. Уз. 8 кмдей, жазылыгы 18–180 м, тереӊ д. 3–4 мге жеткен. Бирок кийинки жылдарда Көтмалдынын аймагында жерди өздөштүрүү иштеринин натыйжасында өзөн бир топ өзгөрүүгө учураган; баш жагы түзөтүлүп, айдоого айланган, ылдый шаарга жакын жерин өнөр жай ишканалары, жол курулуштары ээлеген. Эски нуктун сакталып калган бөлүгү ортосунда, анын уз. 3 кмдей, азыр кургак сай. Көтмалдынын аягы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кызыл-Сазды аралап өтөт. Бул 500 м аралыкта эски нук м-н бир аз кара суу агат. Көтмалды айрыгынын пайда болгон убагы белгисиз, бирок анын акыркы 130 жыл ичинде абалы негизинен маалым. Илгери саратан жайда, Кочкор суусу кирген мезгилде суу көптүгүнөн өзөнгө батпай, кашаттарга чейин жайылып, Боом капчыгайын карай имерилиште суу жээктеп ашып, аны жемирип, жердин ыгына карай эӊкейиш м-н Ысык-Көлдү көздөй агып, Б. салаасын пайда кылган. Жайдын аягында, Кочкор суусу тартылганда Б-дын айрыгында аз эле суу калып, күзүндө токтолгон. Бул мезгили м-н суу аккан салаасы Көтмалды же Б. атыккан. Кочкор суусун торогон Орто токой бөгөтү курулгандан бери (1960) Б-дын нугу кургап, аны м-н суу акпай калган. Кылымдар бою Б. бир калыпта турган эмес. Анын абалы (узун-кыскалыгы, чоӊ-кичинелиги) көбүнчө Ысык-Көлдүн деӊгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Көлдүн суусу көбөйүп, Ысык-Көл чанагына батпай, Боом капчыгайы аркылуу Сары өзөн Чүйгө куйган убакта (17-к-дын ортосу – 19-к-дын 1-чейреги) Б. көл суусунун астында калган. Кийин көлдүн тартылышы м-н салаа кайта калыбына келип узарган ж-а нугу кеӊейип тереӊдеген. 1856-ж. күзүндө (П. П. Семёнов-Тян-Шанскийдин 1867-жылкы маалыматы б-ча) Көтмалдынын жазылыгы 12 мге, 10 жылдан кийин (Ф. Р. Остен-Сакен, 1869) 15 мге жеткен. 1860-ж. Көтмалдынын аймагы ченелип, картага түшүрүлгөндө (М. И. Венюков) салаанын уз. 3,5 км, суунун тереӊдиги (май айында) 180 смден ашык, агын суунун ылдамдыгы 103 м/сек болгон. 1898-ж. май айында Б-дын уз. 5,5 кмге жетип, өзөн м-н Ысык-Көлдү көздөй чыгымы 10 м3/сек болгон суу аккан (Л. Шеффер, 1899). Мындан 9–10 миӊ жыл мурун (плейстоцендин аягы, голоцендин башы) Б. аркылуу Пра–Чүй суусу аккан; анын 32 кмге созулган уландысы Балыкчы булуӊунун таманында суу астында жаткан өзөндүн нугунан көрүнүп турат. Көтмалды топоними ад-тта 19-к-дын башынан бери белгилүү («Манас» эпосунда ал андан мурун эле айтылып жүргөн). Бирок европ. илимпоздор үчүн анын абалы бүдөмүк болчу: немис географтары А. Гумбольдт (1831), К. Риттер (1832) ж. б. Көтмалдыны Ысык-Көлдөн агып чыккан суу деп караган. Бул өзөндүн картадагы так ордун абалын илимде биринчи болуп 1856-ж. П. П. Семёнов аныктаган. Ал эми Б. топоними – ад-ттарда 1875-жылдан кезигет. А. В. Каульбарс (1875) аны казылган аӊ, арык (канава), В. В. Сапожников (1903) Кочкор суусунун бир айрыгы деп эсептеген. Бул эки аталыштын качан ж-а кандайча пайда болгону, этимологиясы белгисиз. Карылардын айтуусуна караганда номен Көтмалдынын нугун торогон, бууган деген сөздөн чыгышы ыктымал. Өзөндүн айрым жерлери Буулан-Арык, Бууган-Чий, Ак-Чийбууган ж. б. аталып, өрөөндүн өзгөчөлүгүн билдирет.
С. Өмүрзаков.